Каракол-Эңилчек унаа жолу ачылды

Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун
38-93-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу) ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги бүгүн, 23-ноябрда билдирди.

"Чоң-Ашуу ашуусу кар көчкүдөн улам убактылуу 21-ноябрда саат 10:00дө жабылган. Ал эми 22-ноябрда саат 8:00дө ачылган. Ал жерге калыңдыгы 1,8 метр болгон кар түшкөн. Учурда №11-Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан тазалоо иштери улантылып жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Мындан сырткары Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун 72-208-чакырымдарында Сөөк ашуусунда кар жаап жатканы белгилүү болду.

"Кардын калыңдыгы 1 метр, жол ачык. Бул ашууда да карды тазалоо иштери жүрүүдө. Түп-Кеген унаа жолунун 76-чакырымына чейин кар күрткүсү түшкөн, калыңдыгы 50-60 сантиметр. Жолду тазалоого атайын техника тартылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maratik.0708
2016-11-23 11:48:56
жакшы жанылык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан