Баткенде шаар тургунун сабап, унаасын тартып алган балдар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.
Анын айтымында, окуя үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында Баткен шаарында болгон.
"10го жакын бала 1993-жылы туулган А.Н. аттуу Баткен шаарынын тургунун сабап, Мерседес үлгүсүндөгү унаасын тартып алышкан. Учурда кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү балдар кармалган. Алардын арасында мектеп окуучулары да бар", - дейт Дамира Юсупова.