СУПЕРСТАН: "Азыр ар бир онунчу эркек ажырашып, экинчи турмуш куруп калбадыбы..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Турмушка чыга элек кыз мырзанын экинчи аялы болгонуна кандай карайсыз?" деген тема кызуу талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Турмушка чыга элек кызга мурда үйлөнүп, ажырашкан бала үйлөнүү тууралуу сунуш киргизип жатыптыр. Ал бала өзү мурда Орусияда иштеп, бир кыздын боюна бүтүрүп койгондуктан үйлөнүп, кийин жашоолору болбой ажырашып кеткен экен. Экинчи аялы болуп тие турган кыз баланы мектептеги кезинен бери жактырат. Бирок "Жашоо кандай болот, ким кандай кабыл алат?" деген суроолордун үстүндө отурган чагы. Ким кандай кеңеш бере алат?"

"Азыр ар бир онунчу эркек ажырашып, экинчи турмуш куруп калбадыбы. Буга окшогон окуялар толтура".

"Эми жашай турган кыз өзү. Экинчи турмуштан дале бактылуу болгон адамдар көп. Буйруганы да, Кудай маңдайына кандай жазса, ошону көрөт".

"Ар бир адам турмушта биринчи болгусу келет. Мисалы, сиз жаңы кийим кийгиңиз келеби же бирөөнүн эскирип, жыртылып калган кийимин кийүүнү каалайсызбы?"

"Аны кыз өзү чечет, бирок жакшылап ойлонуп көрсүн. Аны менен кыз жашайт да, бала менен жашап кетерине көзү жетсе тийсин. Мурдатан тааныса, баланын кандай экенин билет. Мен да ошондой болгом, бирок мага чейин үйлөнгөнүн билген эмесмин. Аны кийин билгем. Үйлөнгөнүбүзгө 1 жыл болуп калды, жакшы жашап жатабыз. Өйдөдөгү колдонуучу кыз айтмакчы, баары биринчи болууну каалайт. "Биринчиге жетпейт" дешет, ушундайларды укканда баары бир катуу тиет, "Биринчи аялын ойлойт бекен, аны менен салыштырабы?" деген суроо менен жашайт экенсиң. Чечим кыздын өзүндө, ойлонсун деп айтмакчымын".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан