Кемин районунда мал уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 21-ноябрь күнү Тегирменти айылынын С.С. аттуу тургуну кайрылып, белгисиз адам 19-ноябрда 1 уюн уурдап кеткенин айткан. Бул факт боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 42 жаштагы О.Б. изи сууй электе кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.