“Рекетчилик” кылмышы боюнча Айнура аттуу мектеп окуучусу кармалды

Бишкекте “рекетчилик” кылмышы боюнча шектелип 14 жаштагы Р.кызы Айнура аттуу мектеп окуучусу 21-апрелде кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирет. Айта кетсек, окуя тууралуу борбордун Сыдыков көчөсүнүн тургуну 49 жаштагы Г.С. милицияга арыз менен кайрылып, “№68-орто мектептин короосунан, 13 жаштагы сиңдимди ушул эле мектептин окуучусу, чала тааныш Айнура деген кыз опузалап 20 сом акча талап кылган” деп билдирген. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча аймактык тескөөчүлөрү иликтөө жүргүзүп, кылмышка шектүү Айнураны колго түшүрүштү. Бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Debi
2013-04-22 22:15:28
Башкалар да сестенгендей чара колдонуш керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан