Советтик учкуч, Советтер Союзунун эки жолку Баатыры Владислав Волков 1935-жылы 23-ноябрда Орусиянын Москва шаарында авиация кызматкеринин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Серго Орджоникидзе атындагы Москва авиациялык институтун жана аэроклуб окуу жайын бүтүрүп, спортчу-авиатор күбөлүгүн алган. Институтту бүтүргөн соң В.Волков космостук техникаларды, анын ичинде космостук кемелерди жасоого катышкан. 1966-жылы ал учкучтардын отрядына кирип, космостук кемеде учууга даярдоо курсунан өткөн.
1969-жылдын 12-17-октябрь күндөрү учкуч алгачкы жолу "Союз-7" космостук кемесинин борт инженери катары космоско учкан. Ал эми 1971-жылы апрель айында "Союз-10" космостук кемесинин көмөкчү экипажына кирген. 1971-жылы июнь айында экинчи жолу "Союз-11" кемесинин жана "Салют-1" орбиталык космостук станциясынын борт инженери катары космоско учат. Жанында дагы эки учкуч - Добровольский жана Пацаевдер болгон. Экипаждын мүчөлөрү 30-июнда Жер планетасына кайтып келе жатып кырсыкка учурап каза болушкан.
В.Волков 1969-жылы жана 1971-жылы эки жолу "Советтер Союзунун Баатыры" наамына татыктуу болгон.
23-ноябрга карата жылнаама.