Жанар Акаев: "Чиновниктер аңчылыкка уруксат берүүнү бизнеске айландырып алышты"

Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында депутаттар сейрек кездешкен жаныбарларды коргоо маселесин көтөрүштү. Депутат Жанар Акаевдин айтымында, чиновниктер аңчылыкка лицензия берүүнү бизнеске айландырып алышты.

"Эгер сейрек кездешкен жаныбарларга аңчылыкка тыюу салбасак, эки-үч жылдан кийин өлкө аймагында Кызыл китепке кирген жаныбарлар калбай калат. Бул тармакта коррупция күчөгөн. Өкмөт системдүү аракеттерди жасашы керек", - деди Акаев.

Андан соң депутат быйыл Ысык-Көл облусунда ак илбирсти атып өлтүргөн адам кандай жазага тартылганын сурады. Өкмөт өкүлүнүн маалыматына таянсак, аталган факт боюнча тергөөлөр аяктап, иш сотко өткөн. "Ак илбирсти атып өлтүргөн адам 300 миң сом төлөгөн. Аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралып жатат", - деди чиновник.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан