1964-жылы 23-ноябрда Италиянын борбору Рим шаарындагы аэропортто Боинг учагы конор алдында асфальт төшөгүч техника менен сүзүшкөн. Учактын реверси иштебей калгандыктан ал асфальт төшөгөн техниканы сүзүп, өрт чыккан. Кырсык учурунда учактын май куюучу бактарында 58 миң литр күйүүчү май болгондугу аныкталган. Учактын бортунда 73 адам болгон. Алардын 51и каза таап, 17си ар кандай оордуктагы жаракаттарды алган, ал эми 5 жүргүнчү жабыркаган эмес.
23-ноябрга карата жылнаама.