Бүгүн, 23-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Токмок шаарындагы балдар бакчасы жана мектептерге жылуулук берилбей жатат. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов ушундай билдирүү жасап, айрым турак үйлөргө да жылуулук бериле электигин айтып чыкты. Депутат "Токмок жылуулук" ишканасы ири суммада карыз болуп, ошол себептүү ишканага газ берилбей жатканын белгилейт. Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Токмок шаарындагы кырдаалдан өкмөт кабардар экенин, маселени чечүү тапшырмасы берилгенин айтты. Бала бакчада тарбияланып жаткандардын, окуучулардын карыз менен кандай иши бар? Суук имараттарда окуу мүмкүн болбой калгандыктан окуучулар кышкы жана жазгы каникулдун эсебинен күтүүсүз "күзгү каникулга" таратылганы белгилүү болду. Тийиштүү министрликке таянсак, бүгүнкү күндө 3 мамлекеттик мектеп, 1 бала бакча жабылган. Ал эми 85 ымыркай менен жылуулуксуз калган Республикалык атайын реабилитациялоо борбору имаратты альтернативдүү систем - көмүр жагуу менен жылытып жатат. Токмок шаардык мэриясы шаарга жылуулук берилгенин айтып, бирок окуучулардын эмне үчүн мектепке барбай жатканы боюнча суроого так жооп айта албай жатат. Бабановдун билдирүүсү биринчи коңгуроо эмес, Токмок шаарында социалдык имараттар жабылып калганын өткөн аптада эле жергиликтүү жашоочулар айтып чыгышкан. Көрүнүп тургандай, көйгөй чечиле элек. "Токмок жылуулук" ишканасынын карызына жоопкер тийиштүү кызмат адамдары бардыр, карызды убагында төлөө, төлөтүү аракеттери кышка чейин жасалышы керек эле. Айтор, шаардагы мамлекеттик имараттар кышында жылуулуксуз калганы факт. Жалпы караганда бул окуя өкмөттүн кышка даярдыгы жакшы эместигинин белгиси.
Билим берүү жана илим министрлиги "Токмок жылуулук" ишканасы газ боюнча "Газпром" компаниясына карыз экенин билдирди. "Газпром" "Токмок жылуулук" 42 миллион сом карыз экенин ырастап, бирок ишканага газ берүүдө чектөө жоктугун билдирди. Ал эми жылуулук ишканасы газ берилгенин же берилбей жатканын тастыктаган жок. "Газпром" газды убактылуу тыйып, "карызды төлөбөсөң кислородуңду бууп коём" деп эскертүү кылдыбы? Эгерде Бабанов айткандай, түйшүктүн баары карызга байланыштуу болсо, анда токмоктук жарандардын кышкы тагдыры өкмөттөн эмес, орусиялык жеке компаниядан көз каранды болуп калышы мүмкүн. "Кыргыз газ" ишканасы 1 долларга орусиялык "Газпромго" сатылып жатканда айтылган убадалар элдин эсинде. "Кыргыз газды" 1 долларга эмес, бекер берсек да жарашат. Элге чириген газ түтүктөрү эмес, газ керек" деген депутаттар, мекемени сатуу келишимине кол койгон министр азыркы учурда парламентте отурат. Маселе газга байланыштуу болсо, бир шаардын социалдык имараттары суукта калганын эң биринчи ошолор айтып чыгышы керек эле. "Кыргыз газ" сатылып жатканда келишимде Кыргыз мамлекетиндеги газ колдонуучулардын укугун коргоо жагы такталбай калганын, ишкана сатылса Кыргыз Республикасы Орусияга көз каранды болорун айткан депутаттар да болгон.
“Кыргыз газ” ишканасын Орусияга сатуу маселеси 2012-жылы чечилген. 2013-жылы өкмөттөр аралык макулдашууну Жогорку Кеңеш ратификациялап, 2014-жылы атайын келишимге кол коюлган. Муну менен "Кыргыз газ" бардык карыздары жана активдери менен кошо (газ түтүктөрү, газ бөлүштүрүүчү станциялар жана башкалар) "Газпромго" шарттуу түрдө 1 долларга сатылган. Макулдашууга ылайык, "Газпром" Кыргыз Республикасын үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылууну, мамлекеттин газ берүү системинде оңдоп-түзөө иштерин жасоону, 5 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын газ тармагына 20 миллиард рубль инвестиция салууну моюнга алган.
Эрте келген кыш мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин сөзүн эске түшүрөт. 2012-жылы декабрь айында премьер Сатыбалдиев парламентте өкмөттүн кышка даяр эместигин жашырып "кыш күтүүсүз келип калды" деп билдирүү жасаган. Ошондо депутаттар "декабрда кыш келбегенде, жаз келмек беле..." деп аны ыңгайсыз абалда калтырышкан. Быйыл кыштын 15 күнгө эрте келиши өкмөттүн ар кандай актануусуна шылтоо боло албайт. Кышында свет өчүрүүлөр болбой турганы айтылды, бирок өчүрүүлөр болуп эле жатат. Бишкектин тегерегиндеги конуштарды мисал кылууга мүмкүн. Адаттагыдай өчүрүүлөр дайым "оңдоо иштерине байланыштуу" деп түшүндүрүлөт. Үстүбүздө 21-кылым экенине карабай Бишкек шаарынын четинде электр жарыгы тартыла элек калктуу пункттар бар. Жакында Ак-Ордо-3 конушунун жүздөгөн жашоочулары Бишкекте митингге чыгышып, 10 күн дегенде конуштагы 2500дөй үйгө электр жарыгы тартылды. Элди "бала ыйлабаса эмчек кайда" деген принципте жашоого үйрөтүү өкмөткө авторитет алып келбейт. Маселени чечтирүү үчүн сөзсүз Көк үйдүн алдына кыйкырып чыгуу керекпи?
Кышка даярдык көрүү иши 98 пайызга каржыланганы, бюджетте каралган 3 миллиард 805 миллион 600 миң сомдун 2 миллиард 862 миллион сому берилгени 1 ай мурун айтылган. Өкмөт менен Бишкек бийлигинин кышка даярдыгын карды көтөрө албай кулаган дарактар, кары убагында тазаланбаган жолдор менен тротуарлар дагы "даңктап" жатат...