Ошто "айылдашын сабап өлтүрүп, талаага көмүп коюшкан" деп шектелгендер тергөө абагына 2 айга камалышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди Ош шаардык соту кечээ, 22-ноябрда чыгарган.
Айта кетсек, окуя үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрынан 5-сентябрга караган түнү Кара-Суу районунун Жапалак айылында болгон. Анда 1994-жылы туулган Нурсултан Насировду өзү теңдүү айылдаш балдары сабап өлтүрүп, талаага көмүп коюшкан. Кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Ж.М., 1994-жылы туулган К.Б., Д.А., М.К. жана 1993-жылы туулган М.Б. кармалган.