Нарын облусунда тургундардан мыйзамсыз сакталган 1 килограммдан ашык өлчөмдөгү баңгизат алынды

Нарын облусунда тургундардан мыйзамсыз сакталган 1,3 килограмм баңгизат алынды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милиция тарабынан Кочкордо 53 жаштагы тургун кармалган. Анын чөнтөгүн текшере келгенде кагазга оролгон, өлчөмү 3 граммды түзгөн баңгизат табылган. Ал эми үйүн текшерүү учурунда чаканын ичинен 1 килограмм 54 грамм, өзүнчө турган 92 грамм баңгизат табылган.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Алынган заттын марихуана экени аныкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Emil0211
2016-11-24 15:59:51
Мыйзамдаштырып койбоптур да чыгынып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан