Бакыт Төрөбаев: "КСДП "ата мекенчи" Сайдулла Нышановду алдап койду"

Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев кечээ парламенттик комитеттин төрагаларын шайлоо шоуго айланганын айтып, КСДП фракциясын айыптады.

"КСДП фракциясы "ата мекенчи" Сайдулла Нышановго "сени Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагалыгына шайлап беребиз" деп убада берип, шайлабай коюшту. Эми сизге ким ишенет? Кечээки шайлоо шоу болду", - деп кайрылды Төрөбаев КСДПнын лидери Иса Өмүркуловго.

Өмүркулов аны бири-бирин сыйлоого чакырды. "Силер өзүңөр Тынчтык Шайназаровду эки жолу комитет төрагалыгына сунуштаганыңар - бул нукура шоу. Элементардык этиканы сактайлы. Бул жерге биз калыс иштейли деп келдик. Башкаларга үлгү болуп, демократиялык шайлоо өткөрүшүбүз керек", - деп жооп берди Төрөбаевге Өмүркулов.

Эскерте кетсек, кечээ, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин 5 комитетинин төрагаларын жашыруун добуш берүү аркылуу шайлоо өткөн. Жыйынтыгында Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагалыгына Таабалды Тиллаев ("Республика-Ата Журт") 73 добуш топтоп шайланган. Анын атаандашы Сайдулла Нышанов ("Ата Мекен") 40 добушка ээ болуп, утулуп калган. Ошондой эле Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагалыгына Мирлан Жээнчороев ("Республика-Ата Журт") 68 добуш топтоп шайланган, анын атаандашы Тынчтык Шайназаров ("Өнүгүү-Прогресс") 51 добуш алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан