Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” сейил багындагы Ленинград блокадачыларынын эстелигинин тегерегине жаңы көчө жарыктары орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Жарык берүүчү эски 4 каражат алынып салынып, электр энергиясын үнөмдөөчү жаңы электр жарыктары менен алмаштырылды. Маалыматка ылайык, мурдагы жарык берүүчү каражаттардын кубаттуулугу 500 Ватт болсо, азыркылардыкы 20 Ватты түзөт.