Кыргыз Республикасынын жылына 187 миң тонна эт азыктарын өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу 23-ноябрда парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев билдирип, өлкө жылына 352 миллион даана жумуртка өндүрө аларын да кошумчалады. Артыкбаев мамлекетте унду байытуу боюнча мыйзам кабыл алынганына карабай бул талаптын аткарылышы 30 пайызга жетип-жетпей турганын айтат.
Коомдук тамактануучу жайлардагы даярдалып жаткан тамак-аштардын сапатына тыкыр көзөмөл керектигин билдирген депутат коомдук жайлардын кызматынан көп пайдаланарын айтып, аталган жайлардагы абалды көзөмөлдөө үчүн 2012-жылы Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция түзүлгөндүгүн эскертти.