Бишкекте көп кабаттуу үйдүн чатырына чыгып алган жаран куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 23-ноябрь күнү саат 19:14 чамасында болгон. Анда 1993-жылы туулган К.Т. Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырына чыгып кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жипке байлап жерге алып түшүшкөн.
Ленин РИИБинен билдиришкендей, 23 жаштагы жигит ошол учурда мас абалда болгон. Үйдүн чатырына секирүү максатында чыккан.