Бүгүн, 24-ноябрда Орусиянын "Главная сцена" телешоусунун финалчысы, "Голос" теледолбоорунун катышуучусу, белгилүү ырчы Кайрат Примбердиев 31 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, майрамдык маанайда эмес экенин айтты.
"Келинчегим экөөбүз бир аз сыркоолоп калып, азыр жакшы болдук. Эми уулум cасык тумоолоп жатат. Эмнегедир жыл өткөн сайын туулган күнүмдү белгилөөгө өтө маани бербей калдым, андыктан бүгүн үй-бүлөм менен үйдө эле болом", - деди ырчы.
Белгилей кетсек, Кайрат Примбердиев Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында төрөлүп, Талас районунун Көк-Ой айылында өскөн. Сахнага алгач Султан Садыралиев менен бирге аткарган "Арноо" аттуу ыр менен чыккан. Ырчы катары "Сагынганда", "Сүйүү аптабы" аттуу ырлары менен таанымал болгон.
24-ноябрга карата жылнаама.