Депутаттар Кочкор районуна жашылча сактоочу жайларды курууну сунушташты

Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында депутат Эмил Токтошев дыйкандарга өкмөттөн колдоо болбой жатканын билдирди. Депутат Кочкор районунда быйыл картошка жакшы болгону менен, баасы арзан экенин мисал кылды.

"Быйыл Нарын облусунда, айрыкча Кочкор районунда картошканын түшүмү мыкты болду. Дыйкандар былтыркыга салыштырмалуу түшүмдү эки эсе көп алышты, бирок картошканын баасы 10 сомдон жогорулабай, аны сактап турууга аргасыз. Ал эми Айыл чарба министрлиги тарабынан дыйкандарга жардам берүү жаатында эч кандай аракет жасалган жок. Дыйкандар түшүмүн жазга чейин сактоого кызыкдар. Өкмөт Кочкор районунда жашылча сактоочу жайларды куруу маселесин карап көрүшү зарыл", - дейт Токтошев.

Депутат Кара-Кулжа районунун айылдары калың жааган кардан жабыркаганын да айтып, аба ырайы боюнча элге жетиштүү маалымат берилбей жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан