"Кулунду унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү бекетинде Кыргыз Республикасынын жараны жасалма паспорт менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1964-жылы туулган Ж.И. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны 23-ноябрда кармалган. Ал жасалма паспорт менен Тажикстанга өтүүгө аракет кылган. Учурда кармалган жаран Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.