Өзбекстан: Президенттикке талапкерлерге алдын ала добуш берүү башталды

Өзбекстанда бүгүн, 24-ноябрда президенттик шайлоого карата мөөнөтүнөн мурун добуш берүү башталды. Добуш берүү 2-декабрда аяктайт, ал эми президенттик шайлоо 4-декабрда өтмөкчү. Түрдүү себептерге байланыштуу шайлоо күнү добуш берүүгө катыша албай тургандар добуштарын алдын ала бере алышат. Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, өзбекстандык жарандар эмне үчүн мөөнөтүнөн мурун добуш берип жатканын түшүндүрүүгө милдеттүү эмес.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов 2016-жылдын сентябрында 78 жаш курагында инсульттан каза тапкан. Өлкө президентинин милдетин аткаруу премьер-министр Шавкат Мирзийоевге жүктөлгөн. 4-декабрдагы шайлоодо президент 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстандын президенти кызматына 4 талапкер ат салышат: Шавкат Мирзийоев (Либерал-демократиялык партиясы), Хотамжон Кетмонов (Элдик-демократиялык партиясы), Сарвар Отамурадов ("Миллий тикланиш" демократиялык партиясы), Наримон Умаров ("Адолат" социал-демократиялык партиясы).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан