СДПКнын талапкерлери шайлоочулар менен жолугушууларды уюштурууда кыйла активдүүлүгүн көрсөтүшүүдө. Суукка карабастан, адамдар үзбөй келип жатышат

Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлер шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүшүүдө. Суукка карабастан, жолугушуулар Бишкектин бардык райондорунда, жабык жайларда да, ачык жерлерде да өтүп жатат. СДПКнын шайлоо штабынан кабарлашкандай, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын талапкерлери үгүт иштери башталгандан бери чоң жайларда 58 жолугушуу өткөрүштү. Андан тышкары 19 талапкер такай ачык жерлерде жолугуп жатышат. Шайлоочулар менен байланыштардын саны 130дан ашты, күн сайын короолордо шайлоочулар топтору менен 7-8ден кем эмес баарлашуу өтүүдө. Карга жана катуу суукка карабастан, адамдар талапкерлерди кунт коюп угуп, партиянын платформасын талкуулап, сунуштарын айтып жатышат. Бул сунуш-пикирлерди СДПК мындан ары өз платформасын жүзөгө ашырууда пайдаланмакчы. Жолугушуулардын мазмуну тууралуу партиянын шайлоо штабы тарткан сүрөттөр да айгинелейт.

Буйрутма СДПКнын шайлоо фондунан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан төлөндү. Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2016-жыл, 24-ноябрь.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан