Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримованын 5-ноябрда уулантылып өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматтар 22-ноябрда чет элдик басылмаларга жарыяланган эле. Ал эми бул кабарды Каримованын уулу Ислам четке кагып, апасы тирүү экенин, ушул убакка чейин үй камагында жатканын билдирди. Бул тууралуу ВВС басылмасы өзбек кызматына шилтеме берип жазып чыккан.
"Менин апам тирүү, бирок ал азыр үй камагында болуш керек. Ал эми эжем Иман Каримова үй камагынан бошоду, бирок ага башка өлкөгө чыгууга дагы эле уруксат бериле элек", - деп билдирген Каримованын уулу.
Эскерте кетсек, Гүлнара Каримовага уюшкан кылмыштуулук боюнча кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган.