1992-жылы 24-ноябрда Boeing 737 учагы Кытайдагы Гуйлинь аэропортуна конор алдында тоону сүзүп, борттогу адамдардын баары - 141 киши курман болгон. Учак Кытайдын Гуанчжоу шаарынан Гуйлинь аймагына бара жаткан. Жүргүнчүлөрдүн арасында Кытай, Канада, Макао жана Испания мамлекеттеринин жарандары болгондугу аныкталган. Учакта 131 жүргүнчү жана экипаждын 10 мүчөсү болгон. Кырсык экипаж кетирген катадан улам келип чыккандыгы аныкталган.
24-ноябрга карата жылнаама.