Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун угуу же укпоо маселеси кайчы пикир жаратты.
Аталган комиссия 20-октябрда түзүлүп, 2010-жылы болгон мародёрлук, банк уячаларын талап-тоноо, ошондой эле мурда Курманбек Бакиевдин (М.Бакиев, А.Ширшов, А.Елисеев), Кадыржан Батыровдун айлана-чөйрөсүнө тиешелүү болгон “Альфа-Телеком” ишканасын, “Дастан” ишканасын, “Азия универсал банк”, “Кыргыз көмүр” ишканасын кошуп алганда, бардык улутташтырылган объектилерди сатууга тиешелүү жана “Кыргызтелекомдун” интернет-кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу бүтүмдөрүнүн фактыларына байланыштуу маселелерди изилдөө үчүн түзүлгөн эле.
Депутат Дастан Жумабеков комиссиянын маалыматын кароодо Каржы полициясы, Салык кызматы, УКМК, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү катышуу зарыл экенин айтты. Депутат Кожобек Рыспаев аны менен макул болгон жок. "Эгер өз кесиптештерибизге ишенбесек, анда комиссияны эмнеге түздүк? Азыр комиссиянын маалыматын жөн эле угуп коёлу", - деди Рыспаев.
Депутат Исхак Масалиев маанилүү маселелер каралып жатканда "жөн эле угуп коёлу" деген сөздү колдонбоого чакырды. "Тиешелүү мекемелердин башчыларына суроолор пайда болот. Алардан тактоочу маалымат алышыбыз керек да", - деди Масалиев.
Масалиевге депутат Камчыбек Жолдошбаев каршы чыкты. "Депутаттык комиссияда өзүбүздүн кесиптештерибиз отурат. Аларга ишениш керек. Эгер ишенбесек, бардык мекемелердин башчылары менен чогуу Акаев менен Бакиевди да чакыралы. Комиссиянын корутундусунда алардын да аттары айтылып жатат", - деп сунуштады Жолдошбаев.
Талкуунун жыйынтыгында убактылуу комиссиянын маалыматын угуу кийинки аптага жылдырылды.