Ноокат районундагы Нарай орто мектебинин спортзалынын курулуш иштери бүтө элек. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда SUPER.KG порталына Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев билдирди.
"Нарай орто мектебинин спорттук залы толугу менен курулуп бүтө элек. Залдын курулушу боюнча жергиликтүү Экологиялык жана техникалык инспекциянын кызматкерлери келип, "курулуш нормалары сакталган эмес" деп эки жолу акт түзүп кетишкен. Азыркы күндө калыбына келтирүү аракеттери көрүлүп жатат. Эгерде директор окуучуларды спортзалга киргизип жиберсе, ал жооп берип калат, анткени курулуш компаниясы мектепти комиссияга өткөрүп бере элек. Ошондуктан азырынча
спортзалга кирүү мүмкүн эмес", - деп билдирди район акими.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов парламентте: "Дене тарбия сабагын спортзалда өткөрүүгө уруксат берилбей жатат. Спортзалдын салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлмөйүнчө ачылбайт экен", - деп билдирген.
Депутаттын айтымында, мектептин спортзалынын курулушу 2010-жылы башталган.