КҮНСЕРЕП: Эл ташыган айдоочулар сынактан кулап калышты

Бүгүн, 24-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкек шаарында жүргүнчү ташыган кичи автобустардын 18 айдоочусу сынак тапшырып, бири да өткөн жок. Маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгы SUPER.KG порталына билдирди. Айтылгандарга таянсак, 7-11-ноябрь күндөрү шаарда "Коомдук унаа" аталышында рейд жүрүп, жол эрежесин бузганы үчүн 35 кичи автобустун айдоочусуна карата протокол түзүлгөн. Алардын ичинен 18 айдоочу бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматына чакыртылып, текшерүүдөн өтүшкөн. Тагыраагы, өтпөй калышты. Эми аларга кандай чара көрүлөт? Талапка ылайык, айдоочулар мындай сынактан 3 жолу өтпөй калышса, маршруттук каттамды тейлеген фирманын жетекчилигине айдоочуну иштен бошотуу боюнча кат жолдонот.

Күнүнө миңдеген жүргүнчүнү ары-бери ташыган айдоочулардын мындай абалы ойлондура турган көрүнүш. Борбор шаарда кичи автобустар катышкан автокырсыктар көп болот. Мунун негизги себептеринин бири жол эрежесин билбеген, билсе да эрежелерди көзгө илбеген жогорудагыдай айдоочулар десе болот. Расмий маалыматтарга таянсак, Бишкек шаарында күнүнө 2700 кичи автобус каттамга чыгат. Жүргүнчүлөрдүн 80 пайызын дал ушул "маршруткалар" ташыйт. 20 пайызын троллейбустар жана автобустар тейлейт. Эгерде 2700 айдоочунун баарын сынактан өткөрсө канчасы "жыгылары" кызык, бирок электен өтпөй калчулары аз болбойт деп божомолдоого мүмкүн. Анткени 18 айдоочунун ичинен биринин да сынактан өтпөй калышы ушундай жыйынтык чыгарууга түрткү болууда. Бишкектиктердин арасында кичи автобустардын айдоочуларына карата сын-пикир күч. Айдоочулардын бири-бири менен жарышып айдаганын, жүргүнчүлөргө орой мамиле жасаганын айткандар четтен чыгат. Ал эми кичи автобустардын техникалык, санитардык абалы тууралуу өзүнчө сөз. Бишкек мэриясы маршруттук каттамдардын ишине нааразылар жана башка көйгөйү барлар кайрыла алат деп "185" кыска номурун ишке киргизген, бирок эл ташыган транспорттордун абалы жакшырып кеткени жок. Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын билдиришинче, бул кызмат жаңы ачылганда шаардыктардан күнүнө 50-60 арыз түшсө, азыркы учурда 4-5 гана арыз түшүүдө. Бул коомдук унааларда кемчилик калбай калды дегендик эмес, балким, арыздан жакшы жыйынтык чыкпагандыктын белгиси. Башкармалык бул тармакта 5-6 гана адис иштей турганын, алар шаардагы коомдук унаанын баарын текшерип чыгууга жетишпей турганын да ырастаган.

Кыргыз мамлекетинде айдоочулук күбөлүк берүү тармагы коррупциялашып кеткени жашыруун эмес. Автомектептин босогосун бир күн да аттабагандар айдоочулук күбөлүккө ээ болуп жатышат. Жол кырсыктары, адам өмүрү кыйылган фактылар азайган жок. Автокырсыктан каза тапкандардын саны боюнча Кыргыз Республикасы дүйнөдө алдынкы орунда келе жатат. Адистердин айтымында, Кыргыз жеринде күнүнө 3 адам жол кырсыгынан каза табат. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында мамлекетибизде 4162 жол кырсыгы катталып, 678 адам каза тапса, 6395 адам жаракат алган. Каза болгондордун 103ү жаш балдар. Ал эми 2016-жылдын 10 айында Бишкек шаарында коомдук унаалардын катышуусунда 95 жол кырсыгы катталган. Мындан 5 адам көз жумса, 98 адам түрдүү жаракаттарды алганын расмий орган тастыктады. Ал эми былтыркы жылдын 10 айында 145 жол кырсыгы орун алып 3 адам каза тапса, 185 адам жаракат алып, аман калган. Бул кырсыктар Бишкекте эл ташыган унааларда жүрүү канчалык кооптуу экенинин көрсөткүчү.

2016-жылдын апрелинде Көк-Жар конушунда жолдун жөө адамдар өтүүчү бөлүгүндө бараткан окуучуну катуу ылдамдыкта келаткан коомдук унаа сүзүп кеткен. Оор жаракат алган жаран ооруканага жеткирилген. 2016-жылдын 22-июнунда Бишкектин Курманжан датка-Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобустун айдоочусу жолдон 1 адамды сүзүп, жабырлануучу ошол жерден каза тапкан. Ал эми 2016-жылдын 24-октябрында борбордун Ауэзов-Курманов көчөлөрүнүн кесилишинде 2 кичи автобус сүзүшүп, ичиндегилер жаракат алышкан.

Кыргыз мамлекетинде башталган иштин ийгиликтүү аягына жетиши кыйын. 2013-2014-жылдары МАИ кызматын татыксыз кызматкерлерден тазалоо процесси жүргөн. МАИ кызматкерлери аттестациядан өтүп, бир тобу "ээлеген кызматына татыктуу эмес" деп табылган. Аттестациялык комиссиянын ишине нааразылар да чыккан, ага карабай бул кадам тармакты алдыга жылдырууга жасалган чечкиндүү аракеттердин бири катары кабыл алынды. Бүгүн аттестациядан дайын жок, жаңы түзүлгөн Патрулдук милицияда иштегендердин канчасы ээлеген кызматына татыктуу же татыксыз экенин ким текшерип жатканы бүдөмүк. Ага карабай жарандардын өмүрү үчүн Патрулдук милициянын айдоочуларды ачык-айкын тескегени жакшы. Бирок тааныш-билиштик, ишти жең ичинен бүтүрүүгө жол берилбей, айдоочуларга кескин чаралар көрүлсө... Мыйзамдагыдай эмес, көйгөйдүн баары "сүйлөшпөйлүбү" деген сөздүн артынан кыргызча чечиле берсе, анда тармактын оңолушу оор бойдон кала берет. Мындайда жол кырсыктары жаатындагы статистикалык сандар ылдыйлабайт, дагы далай бейкүнөө өмүр кыйылат, далай адам майыпка айланат. Бишкекте коомдук унаада жүрүүнү акысыз кылууну, шаарды жаңы автобустарга толтурууну убадалап шаардык кеңешке талапкер болуп жаткандар эң оболу айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүнү ойлонушса...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан