Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү мордун туура эмес түзүлүшүнөн улам келип чыккан. Бишкекте 2, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 2, Талас облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.