26-ноябрда биометрикалык маалыматтарды чогултуу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, шайлоого биометрикалык каттоодон өтүп, ID-картасы бар жарандар гана катыша алышат. Буга катар жарандар 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторду алмаштырууга тийиш.
"Биометрикалык маалыматтарды чогултуу убактылуу токтотулат. Кимде-ким маалыматын тапшыра элек болсо, бирок шайлоого катышуу ниети бар болсо, 25-26-ноябрда маалыматын тапшыра алат. Эки күн катары менен операторлор саат 18:00гө чейин иш алып барышат", - деп жазылат маалыматта.