SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Арыла албай жүргөн, өзүңө жакпаган жаман адатың" деген темада форумчулар окуялар тууралуу ой бөлүшүп жатышат.
Темадагы билдирүүлөр:
"Башымды тырмап, тырмагымдын алдында какачтарды башка тырмагым менен тазалап койгон адатым бар. Ушул адатым үчүн апамдан башка далай ирет жедим го".
"Эл көп жерде жеңимдин учун тарта бермей адатым бар. Жеңим жок болсо, оңдонуп-түздөнө берем".
"Мен келин болгондон бери ушу адатым пайда болду: жоолук салынып бир жакка барсам эле кечке жоолугумду оңдой берем. Кайненем "ой, бай болгур, жакшы эле турган жоолугуңду эмне эле оңдой бересиң, тийбечи" деп айтып калат. Эринимди тиштей берген адатым да өзүмө жакпайт".
"Тырмагымды тиштеп, жок кылып таштайм, өсүп кетсе кайчынын кереги жок. Анча-мынча туз да жейм. Ошол жаман адаттарымды ташташым керек эле".
"Мен телевизорду көрбөсөм дагы күйгүзүп коюп башка ишти кылып жүрө берем".
"Кечкисин унаа айдап бара жатканда, мени көздөй келе жаткан унаа чыгып, алыска берилүүчү жарыгын өчүрбөй койсо, жинденип сөгүнөм. Кээ бир учурларда жанымдагылар түшүнбөй калышат. Ушу сапатымдан арыла албай койдум".
Башка адаттар тууралуу окугуңуз келсе, бул жакка кириңиз.