Бүгүн, 25-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз Республикасынын чек арасын аттаган чет элдиктерди 5 күндүн ичинде каттоого турууга милдеттендире турган мыйзамдын чийки бойдон кабыл алынгандыгы көрүнүүдө. "Тышкы миграция жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамды өкмөт демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын октябрында кабыл алынган жана 4-ноябрда күчүнө кирген. Ага ылайык, Кыргыз мамлекетине келген чет өлкөлүк жарандар (орусиялыктардан тышкары) 5 жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө каттоого турушу керек. Орусия менен атайын эл аралык келишим бар болгону үчүн орусиялыктар өлкөдө 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат. Бул талапты аткарбаган чет элдик жарандар административдик жоопкерчиликке тартылып, 10 миң сом айып пул төлөмөкчү.
Мыйзам күчүнө киргенден кийинки абал кандай? Сырттан келген жарандарды убактылуу каттоого тургузуучу мекемелердин англис же башка чет тилин билбеген кызматкерлери туристтерге кошумча түйшүк жаратып жатканы бүгүн Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында айтылды. Негизгиси тил маселеси эмес, мыйзамдын ийгиликтүү иштешине тийиштүү документтер даярдала элек болуп чыгууда. Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаев тармакта түзүлгөн кырдаалды минтип түшүндүрдү: "Мыйзам алдындагы актылар кабыл алына электе жарандарды каттоого турууга милдеттендирген мыйзам күчүнө кирип калды. Мындан улам туристтердин шаштысы кетип калды. Биз атайын токтом долбоорун даярдадык, аны менен жарандардын каттоого туруу мөөнөтү узартылат".
Демек, парламент убагында чийки документти кабыл алган. Мыйзам иштебей, туурасы тескери багытта иштей баштаганда бул темага кайра кайрылууга аргасыз болуп отурушат. “Жети өлчөп, бир кес” демекчи, мыйзам долбоору парламенттен 3 окуудан өткөн, бирок документтин ойдогудай иштебей калышын анда депутаттар эске алышпаган сыяктуу. Башында мыйзамды толук колдогон "Республика-Ата Журттун" лидери Өмүрбек Бабанов жакында мыйзамга каршы экенин айтып чыкты. Ыңгайы келген учурда коомчулукка жакшы көрүнүү аракети эмеспи? Кыргыз Республикасы өзүнө турист тарта албай убара, мындай мыйзамдар саякатчыларды ого бетер чочутушу мүмкүн. Бул мыйзамдын күчүнө киргенин жергиликтүү ЖМКлар гана эмес, Казакстандагы басылмалардын көбү документтин ар бир пунктуна чейин жазышты. Бул маалымат таратуу гана эмес, Кыргыз жерине келип эс алчу туристтерди тартып алуу аракети десе да болот. Анткени Казакстан менен Кыргыз Республикасынын ортосунда туризм тармагында атаандаштык кыш же жай мезгилине карабай ар дайым күчтүү. Кышкы туризм Казакстанда мыкты жолго коюлган. Ал эми өлкөбүздө бул тармак жаңыдан бутка туруп келе жатат.
Кыргыз жеринде чийки мыйзамдарды кабыл алуу көрүнүшү буга чейин да болгон. Автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндө мыйзам кабыл алынып, 2016-жылы күчүнө кирмек. Бирок мыйзам толук иштей элек, мыйзамды аткарбагандарга чара колдонуу нормасы 2019-жылы күчүнө кирет. Бул мыйзам да ошого окшошуп турат. Мыйзамды кабыл алуунун максаты демилгечилер тарабынан "терроризмдин алдын алуу" деп түшүндүрүлгөн, бирок буга байланыштуу фактылар далил катары көрсөтүлгөн эмес. Экономикасы алсыз, элинин бир бөлүгү туризм менен жан баккан өлкө саякатчыларды качырып албашы керек. Туризмди өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасында Көчмөндөр оюндары өткөрүлүп жатат. Быйыл, мисалы, II Көчмөндөр оюндарына 30 миллион доллар жумшалган. Ошондой эле бул тармакты өнүктүрүүгө 2013-жылы 45 мамлекет менен визасыз режим түзгөн. Эгер 2012-жылы өлкөгө 2 миллионго жакын турист келип, 212 миллион доллар калтырып кетсе, визасыз режим киргизилгенден кийин 3 миллион 65 миң турист Кыргыз жергесинде эс алып, өлкө 560,5 миллион доллар киреше тапкан. Саякатчылардын саны мындай темп менен жылдан-жылга өсүп баратканда, эми минтип 5 күндө каттоого тургузуу милдеттендирилип жатат. Өлкө коопсуздукту бекемдөөгө да, туристтерди тейлеп акчасын алып калууга да муктаж. Ошол себептүү мыйзамдын тагдыры талашка түшүп отурат...