“Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында Кыргыз Республикасынын жараны убактысы өткөн паспорт менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1986-жылы туулган Р.А. аттуу жаран 24-ноябрда чек арачылар тарабынан кармалган. Ал убактысы бүтүп калган паспорт менен өлкөдөн чыгып кетүү аракетин көргөн.
"Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти Мамлекеттик чек ара кызматынан.