Эрмек Усубалиев: "Чоң атамдай жаратман болгум келет"

Эрмек Усубалиев – юрист, дипломат, ишкер. Киндиги Бишкекте кесилип, нукура шаардыкка айланган үчүнчү муундун өкүлү. Болгондо да Кыргызстанга ак кызматын өтөп, опол тоодой эмгеги сиңген Турдакун Усубалиевдин кара чечекей небереси. Бишкек шаардык кеңешине талапкер катары СДПКнын тизмесинде шайлоого аттанды.

- Элибизге аттын кашкасындай белгилүү инсандын жакындары ким жана кандай адам болду экен деген суроо көпчүлүккө кызыктуу. Ошондуктан өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз...

- Албетте, мен чоң атам менен ар дайым сыймыктанам. Ошол эле учурда анын ысымына көлөкө түшүрүп албайын деген чоң жоопкерчиликти сезем. Ушул нерсе мен үчүн баарынан маанилүү. Өзүм жөнүндө айтсам, мектептен кийин Кыргыз улуттук университетинен билим алып, эмгек жолумду өлкөбүзгө алгачкы жаңылык катары кирген пейжер системин жайылтуу бизнесинен баштагам. 1999-жылы мамлекеттик кызматка өтүп, Тышкы иштер министрлигинде эң төмөнкү кызматтан бөлүм башчылыкка чейин жеттим. Анан 2006-жылы өз каалоом менен бошонуп, кайрадан бизнеске кеттим. Ошол эле учурда чоң атамдын башкы жардамчысы, небереси катары өмүрүнүн аягына чейин бирге болдум.

- Саясатка аралашууңузга эмне түрткү болду жана эмне үчүн СДПК менен?

- Саясатты мен элге кызмат кылуу деп түшүнөм. Ал эми СДПКга мүчө болуп, саясатка аралашканымдын себеби, ал социалдык теңчилик, адилеттикти туу туткан, бай тажрыйбасы бар партия. Мага ушул идеялары жакын жана партиялык ишти ырааттуу алып барганы жагат. Ал Кыргызстанда стабилдүүлүктүн орношуна чоң салым кошту. Мен ушул курагымда өзүмдүн жана жакын адамдарымдын турмуштагы муктаждыктарын толук камсыз кылдым. Эми билимимди жана турмуштан алган тажрыйбамды элиме кызмат кылуу үчүн жумшайын деп чечтим.

- Шаардын тургуну катары сизди өзгөчө түйшөлткөн көйгөйлөр кайсылар?

- Күн сайын шаардын жолунда жүргөн айдоочу катары мени эң биринчи жол коопсуздугу: жолдордун абалы, тыгын жана айдоочулардын эреже бузуулары тынчсыздандырат. Экинчиден, жаныбызда турган имаратты карасаңыз, фасады жолдун жээгине салаңдап чыгып турат. А бул жерде дагы тротуар болушу керек эле, ал түп-орду менен жок. Буга ким уруксат берди? Мындай көйгөйлөр толтура. Менимче, аткаруу бийлигинин деңгээлинде бул көйгөйлөрдү өзгөртүү азыр абдан татаал. Муну шаардын мыйзам чыгаруу бийлигинин деңгээлинде чечимдерди кабыл алуу менен жеңилдетүүгө болот жана ага менин көзүм жетет. Ошол себептен шаар кеңешинде иштөөнү ылайык көрүп, өз талапкерлигимди коюп жатам.

- Борборубуз учурунда Орто Азиядагы “жашыл шаар” атагына ээ болду эле. Албетте, шаарыбыздын курулушуна чоң атаңыз зор салым кошту. Эми ошол шаарды эстеп, эңсегендер арбын. Бул сезим сизде да барбы?

- Ал учур өзүнчө доор катары өтүп кетти. Эми ошол учурдагы “жашыл шаарды” кайтаруу он эсеге оор түшөт жана анчалык деле маанилүү эмес. Азыр шаарыбыздагы баш аламан курулуштарга мыйзамдын чегинде тез арада бөгөт коюп, замандын өнүгүшүнө байланыштуу борборубуздун жаңы архитектуралык жүзүн табууга аракеттенүү алда канча маанилүү.

Буйрутма СДПКнын шайлоо фондунан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан төлөндү. Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2016-жыл, 25-ноябрь.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан