Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн жашыруун жай табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Милиция кызматкерлерине шаар тургуну кайрылып, Бишкектеги мейманканалардын биринде жашыруун интимдик кызмат көрсөтүлөрүн, саатына 1000 сомдон 1500 сомго чейин акча алышарын айткан.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Свердлов райондук сотунун чечими менен аталган жай текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында интимдик кызмат көрсөткөн жайдын администратору 1973-жылы туулган К.Ж. жана 1993-жылы туулган Б.Г., 1981-жылы туулган С.Г., 1996-жылы туулган К.В. аттуу кыздар кармалышкан. Учурда К.Ж. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.