Порошенко Трамп менен Крым жана Донбасс маселесин талкуулады

Украинанын президенти Петро Порошенко Крым маселесин жана Донбасстагы жаңжалды Америка Кошмо Штаттарынын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен талкуулаганын айтты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, мындай билдирүүнү Порошенко Украина-Евробиримдик саммитинен кийин өткөн маалымат жыйынында билдирди. Трамп менен сүйлөшүү учурундагы башка маселелер тууралуу ал кеп козгогон жок.

Эскерте кетсек, Крым Орусиянын курамына 2014-жылы мартта өткөн. Жарым аралда өткөн референдумду дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү, анын ичинен Кошмо Штаттар жана евпропалык мамлекеттер тааныган жок.

Трамп шайлоо алдындагы кампания учурунда Крымды Орусияныкы катары таануу жагын карап көрүүнү убадалаган. Анын айтымында, бул маселеде жарым аралдын жашоочуларынын пикири эске алынышы керек. Ал ошондой эле бир нече жолу Орусия менен мамилени жакшыртууну каалаарын баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан