Чүй ОИИБи: “"Күйөөсүн бычактап өлтүргөн" деп шектелген аял кармалды”

“"Өз күйөөсүн бычактап өлтүргөн" деп шектелип, Жайыл районунун 32 жаштагы Т.М. аттуу тургуну 21-апрелде кармалды”. Мындай билдирүүнү бүгүн, 22-апрелде Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады. 21-апрелде денесинен оор жаракат алган 32 жаштагы Ш.М. аттуу адам аталган райондун аймактык ооруканасына жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Мындан кийин Жайыл РИИБинин кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүп, окуяга шектүү деп аталган аялды кармашты. Кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын билдирет Чүй ОИИБи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан