ЖЫЛНААМА, 25-НОЯБРЬ: 98 жыл мурун венгриялык пацифист Розике Швиммер дүйнөдөгү эң алгачкы элчи айым болуп дайындалган

1918-жылы 25-ноябрда венгриялык пацифист Розике Швиммер дүйнөдөгү эң алгачкы элчи айым болуп дайындалган. Ал Венгриянын Швейцариядагы дипломатиялык миссиясын башкарган. Швиммер саясатта билимдүү, ар тараптан өнүккөн инсан болгон. Ал айымдардын укугунун, балдардын жана тынчтыктын коргоочусу болуп, Биринчи дүйнөлүк согушта пацифисттик иштерди өнүктүрүп жатып, Австро-Венгриядан чыгып кетүүгө мажбур болгон.

1915-жылы Розике АКШга көчүп барып, түштүк америкалык миллионер, унаалар падышасы жана магнат Генри Фордду өзүнүн пацифисттик идеяларына багындырган. Согуш бүткөн соң Розике Швиммер мекенине кайтып, Швейцарияда өзүнүн өлкөсүнүн дипломатиялык максаттарын көздөгөн.

25-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан