Жалал-Абад облусунда айдоочуну сабап, унаасы менен Бишкекке жол тарткандар кармалышты

Жалал-Абад облусунда айдоочуну сабап, унаасы менен Бишкекке жол тарткандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 15-ноябрдан 16-ноябрга караган түнү Таш-Көмүр шаарында болгон. Анда Эгемберди жана Самат аттуу балдар 1982-жылы туулган Тынчтык Назаралиевдин унаасын токтотушуп, Жаңы-Курулуш тилкесине жеткирип коюшун өтүнүшкөн.

Белгиленген жерге жеткенде алар 1994-жылы туулган К.А. аттуу кызды күчтөп унаага сала башташкан. Буга айдоочу “андайыңарды койгула, унаадан түшкүлө” деп каршылык көрсөткөн. Бирок аны сабашып, колу-бутун таңып унаанын артына салып алышкан. Тиги кызды да коркутуп, чогуу Бишкекке жол тарткан убакта Токтогул РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалышты. Учурда кылмышка шектүү катары кармалган 1989-жылы туулган Самат Шайдуллаев жана 1992-жылы туулган Эгемберди Коңкобаев тергөө абагына киргизилди”, - дейт Мыктыбек Турдубеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
abusait
2016-11-25 15:42:36
Киного озунчо эле..
+2
Rifle_I
2016-11-25 23:43:42
Криминал кинолорду көп көрүшкөн окшойт. Же GTA оюнун көп ойногонбу ?
+3
Mirzohidjon
2016-11-25 21:52:12
Карамүртөз С.Ш. менен Э.К. ал бечара Т.Н.ны эмне мынча кыйнашат, ботом. Жанагы К.А.га дагы кыйын болуптур бечара
+2
Baatur7777
2016-11-25 22:03:43
Малдан айырмасы жок адамдар экен ,эми болбогон жерден кесилип кетишет!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан