Өлкөдө 9 ай ичинде табигый жана техногендик мүнөздөгү 209 өзгөчө кырдаал катталган. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 41 адам каза болгон. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 12 пайызга аз.
Ошондой эле 9 ай ичинде 113 сел, 28 суу каптоо, 18 катуу шамал, 15 жер көчкү катталган.
"Отчёттук мезгил ичиндеги кездешкен өзгөчө кырдаалдардын көбү Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарына туура келет. Өлкөбүздүн эл чарбасына максималдуу зыянды май-июнь айларында болуп өткөн сел агындары алып келген. Селдин кесепетинен ички чарбалык жолдор, көпүрөлөр, турак жайлар жана короо-сарайлар жараксыз абалга дуушар болгон", - деп билдиришти ӨКМдан.