21-апрелде Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Кызыл-Суу айылына караштуу көрүстөндөн жарылуучу зат табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады. Жарылуучу зат тууралуу Ысык-Ата РИИБине жергиликтүү жашоочу билдирүү кылган. "Учурда табылган жарылуучу зат жок кылынып, милиция кызматкерлери көрүстөндү текшерүүгө алып жатышат",- деп билдирет аталган мекеменин басма сөз кызматы.