Иранда жүргүнчү ташыган эки поезд сүзүшүп, кеминде 15 адам каза болду

Иранда жүргүнчү ташыган эки поезд сүзүшүп, кеминде 15 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматтарга караганда, кырсык бүгүн эртең менен Шахруд шаарындагы Хафт-Кхан станциясында болгон. Алдын ала божомолдор боюнча, кырсыктын кесепетинен кеминде 15 адам каза таап, 52 адам жабыркаган. Ошондой эле 100дөн ашык адам куткарылган.

Куткаруучулар жабыркагандар менен каза болгондордун саны мындан да артышы мүмкүн экенин айтышууда. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери так айтыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан