Транспорт жана жол министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмыш иши "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу" боюнча козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
"2015-жылдын 21-октябрында аталган министрлик эч кандай сынак өткөрбөстөн, "Е.Т.Г." ишканасы менен компьютердик серверлерди алып келүү жана орнотуу боюнча келишим түзгөн. Келишимдин негизинде аталган ишканага 14 миллион сомдон ашык акча которулган. Ал эми аткарылган жумуш 11 миллион 308 миң сомго бааланганы аныкталган", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.