Кыргыз жергесинде эки ирет жер титиреди

Бүгүн өлкөдө эки жолу жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

"Биринчиси саат 20:18де болуп, очогунда 5 баллга жеткен. Очогу Кытай менен Кыргыз жергесинин чек арасында, Нура айылынан 48 чакырым түштүк тарапта болуп, Нура айылында 4 баллга сезилди. Экинчиси саат 20:24тө Кытайда, аталган айылдан 98 чакырым түштүк-чыгыш тарапта болуп, очогунда 7-8 баллга жеткен. Нура айылында 4-5 баллга сезилди. Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак, кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келген жок", - деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөнүн күчү Ош шаарында 3,5-4 баллга чейин, Жалал-Абад шаарында 2,5-3 баллга чейин сезилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (44)
maks123
2016-11-26 09:20:07
Кадамжай шаарынды дагы титиреди
+5
Babi.
2016-11-26 10:09:30
Токтогулда да сезилди 20:24 ,бир топ эле титиреди,коркуп кеттим аябай.Тынчтык эле болсунчу!
+4
Medina87
2016-11-26 10:22:07
Мен жумуштан чыгып троллейбуста келе жаткан мезгилде болуптур сезген жокмун. А так,СМС келген Алматыда 2-3 балл титирейт деген эскертуу.
Кудай сактасын,амандык тилейм баарыныздарга!!!
+1
anuvar0903
2016-11-26 11:19:43
акыркы кундору коп титиреп жатат Кудай озу сактасын!
+3
ArtikSkyBoy94
2016-11-26 11:20:24
Алматы шаарында да 1:43тө жер силкинди, Ошто болгонун уктум эле...
Кудай сактасын!
+3
ArtikSkyBoy94
2016-11-26 11:24:06
ArtikSkyBoy94,Былтыр күзүндө
да силкинген.
0
Arzuuda
2016-11-26 11:24:08
Бизде эмнеге ошондой смс билдирүү келбейт а, жаш балдар МН элем башым айланып кетти жер титиреп жатабы десем жоок деп коюшат
+6
Burulai91
2016-11-26 12:43:12
Тунку саат 3 до дагы жер титиреди.Кундон кунго куч алып атат окшойт.Аллахым озу сактасын!!!
+7
akil.91
2016-11-26 13:15:36
2008 жылында Нурадагы жер титироо жонундо бизге ошол учурда география мугалимибиз айткан эле. Китайлар жердин астынан нефтини насос менен сордуруп алышты. Нефтинин орду бош калгандыктан ушинтип бир тресение менен калыбына келип толукталды деп. Ким кошулат Нура жонундогу ушул мнениеге?
+7
Bolunbo.kyrgyz
2016-11-26 13:51:43
Табият менен таттуу мамиледе болуш керек бак дарактарды кыйбай
+4
baitylek.kg
2016-11-26 15:48:23
Биз тортунчу этажда элек.Аябай узакка силкинип турду.Журогубуз тушуп, балдарым менен эптеп сыртка качып чыктык.Кудайым озун сактай кор.
+2
Kyrgyzym23
2016-11-26 16:05:25
Казарманда басып жургон кишиге билинди го лампочка копко чейин токтобой Турду ойдо да туруп алгам копко чейин козум бозоруп жатты
0
dastan_2016
2016-11-26 19:32:07
Кышта аман эле бололучу
+2
Baatur7777
2016-11-26 19:32:24
Нарында жер титерегенин сездик,кудайым сактасын.
+1
alisa0910
2016-11-26 19:34:28
Боодо кырсыктан Аллахым сактасын! Кыргыз элимде тынчылык болсунчу ээ Кудайым!
+2
adi.sumi
2016-11-26 23:54:06
Бир жолу билинбей отуптур. Экинчиси журокту кекиртеке келтире койду узака созулду. Ноокаттан жазып отурам. Кудайым айттырбай келген кырсыктан сактасын. Кылычын алып кыш келген суукта зорго Жан сактап атабызгоо. Баткен тажикстан тарапта болду окшойт деген элем
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан