
Мамлекеттик жана коомдук ишмер
Таштемир Айтбаев 73 жашка толду. Ал 1943-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында туулган.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1975-1990), генерал-майор (1997). 1967-жылы Москвадагы Бауман атындагы Техникалык жогорку окуу жайын бүткөн. Эмгек жолун 1961-жылы Москва шаарындагы И.А.Лихачев атындагы заводдо слесарь-ширетүүчү болуп иштөө менен баштаган.
1982-1986-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынын 1-орун басары, 1986-1995-жылдары партиялык, жетекчилик кызматтарда иштеген. Ал эми 1995-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары болуп эмгектенген. Ардак белгиси ордени менен сыйланган.