Орусиядагы кароосуз калган кыргыз балдарды кайтаруу боюнча иштер жүрүүдө

Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте жүргүзгөн иштин алкагында кароосуз калган өспүрүмдөр өлкөбүзгө кайтарылууда. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ташталган балдарды кайтарууга көзөмөл жана камкордук органдарынан керектүү санда кызматкерлер жөнөтүлүүдө.

"Бул иштердин алкагында 25-ноябрда 4 жашы жете элек өспүрүм Кыргыз Республикасынын жараны экени далилденип, тиешелүү документтер жасалды", - деп айтылат маалыматта.

Өспүрүмдөр жакынкы арада өлкөгө келишери белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Saribulak
2016-11-28 08:57:29
Эхх жээндер силерге кыйын болду да
+1
admin_portal
2016-11-30 10:22:48
tita, Порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан