Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн тоолуу райондорунун унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт

28-ноябрда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-250-чакырымдары, Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90-чакырымдары, Нарын-Казарман унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу)
67-94-чакырымдары жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-90-чакырымдарына кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

"Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2016-жылдын 25-ноябрында КРнын ӨКМнын телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС-билдирүү жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан