19-апрелде Баткен шаарында мектеп окуучулары арасындагы спорттук мелдеш башталды. Бул тууралуу аталган иш-чарада башкы калыстык кылган Улукбек Рахимов билдирди.
"Бул мелдеш спорттун 8 түрү боюнча өткөрүлөт. Алгачкы күнкү таймаштар бокс, улуттук күрөш, шахмат, тогуз коргол боюнча болуп өттү. Жыйынтыгында бокс боюнча 1-орунду Баткен шаарынын окуучулары, 2-орунду Лейлек району, 3-орунду Кадамжай районунун окуучулары ээлешти",- деди ал.
Улуттук күрөш боюнча Баткен району 1-орунду багындырса, 2-орунга Лейлек району, 3-орунга Сүлүктү шаарынан келген окуучулар ээ болушту. Шахмат боюнча Лейлек району 1-орунга, Баткен району 2-орунга, Кадамжай району 3-орунга ээ болушту.
Спорттук иш-чаранын кийинки бөлүгү 23-24-апрель кудөрү Кызыл-Кыя шаарында өтөт. Анда окуучулар баскетбол, футбол боюнча беттешсе, ушул эле күнү Лейлек районунун Исфана шаарында волейбол, грек-рим күрөшү боюнча таймаштар орун алат.