ЖЫЛНААМА, 28-НОЯБРЬ: 496 жыл мурун португалиялык деңиз саякатчысы Фернан Магеллан Тынч океанын ачкан

1520-жылы 28-ноябрда португалиялык деңиз саякатчысы Фернан Магеллан Тынч океанын ачкан. Бул күнү экспедициянын кемелери Магеллан кысыгынан чыгып, учу-кыйыры жок мемиреген океанга жетишкен. Ал учурда саякатчылардын үч гана кемеси калган эле.

Жер кезерлер 1520-жылдын 28-ноябрынан 1521-жылдын 24-январына чейин жердин бетин көрбөй жалаң гана океандын үстүндө саякатташкан. Океанда дайыма күн ачык жана аябай тынч болгондуктан, Ф.Магеллан аны Тынч (Pacifico) деп атаган.

Тынч океан тереңдиги жана аянты боюнча Жер планетасындагы эң чоң океан болуп эсептелип, аянты 178,6 миллион чарчы чакырымды түзөт. Ал эми анын эң терең жери 10 994 метрге жетет.

28-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан