Жайыт департаменти 2016-жылдын жыйынтыгы менен 130 миллион сомго жакын салык чогултууну пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда SUPER.KG порталына Жайыт департаментинин башчысы Уланбек Төрөгелдиев билдирди.
"Мал чарбачылыгы менен алектенген ишкерлерге шарттарды түзүү, жайыттарды жакшыртуу аракетин көрүп жатабыз. Жыл сайын чогулган каражатка жайлоолорго баруучу жолдорду оңдоп, көпүрөлөрдү куруунун үстүндө иш алып баруудабыз. Быйыл ондогон мал жана унаа өтүүчү кичи көпүрөлөр курулуп, жүздөн ашуун чакырым жолдор оңдолду. Чүй облусунда 149,7 чакырым жол, 22 көпүрө оңдолду. Ал эми Талас, Чүй аймактарында да жайлоо жолдору оңдолууда", - деп билдирди Төрөгелдиев.
Маалыматка ылайык, буга чейин Жайыт департаменти Баткен облусунда 112,5 чакырым мал айдап өтүүчү жол, 15 мал суу ичүүчү жайды оңдогон. Ал эми Жалал-Абад облусунда 392 чакырым жол, 37 көпүрө калыбына келтирилген. Ошондой эле Ош облусунда 32 көпүрө калыбына келтирилсе, Нарын облусунда 63 чакырым жол, 15 көпүрө оңдолгон.