ЖЫЛНААМА, 28-НОЯБРЬ: 62 жыл мурун "атомдук бомбанын атасы" атка конгон италиялык физик Энрико Ферми каза болгон

"Атомдук бомбанын атасы" атка конгон италиялык физик Энрико Ферми 62 жыл мурун каза болгон.

Дүйнөдөгү эң алгачкы ядролук реакторду түзүүчү катары таанылган физик 1901-жылы 29-сентябрда Италиянын Рим шаарында төрөлгөн. Ал атомдук энергияны колдонууга байланыштуу бир нече патент алган. 1938-жылы физика боюнча Нобелдик сыйлыктын лауреаты болгон.

Ал теориялык физикада гана эмес, эксперименталдык физикада да жетишкен физик катары таанылган. Ошондой эле нейтрондордун жайгашуусун, бета-бөлүнүү теорияларын түзгөн. 1939-жылы чынжыр реакциясы түшүнүгүн киргизип, кийинчерээк атомдук долбоорго катышкан.
Э.Ферминин урматына Менделеевдин химиялык элементтердин жадыбалындагы 100-элемент фермий деп аталган. Ал эми АКШда анын атынан сыйлык түзүлүп, Чикаго ядролук изилдөө институтуна ысымы ыйгарылган.
Энрико Ферми ашказан рагынан 53 жашында 1954-жылы АКШнын Чикаго шаарында көз жумган.
28-ноябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан