Жаңы жылдык белектерге кайсы ишкана канча миллион коротууга даяр?

Жаңы жыл майрамына чейин 34 күн калды. Кээ бир мамлекеттик ишканаларда ал майрамга даярдык ноябрь айынын башында башталган. Ошол маалда мамлекеттик сатып алуулар порталында бир нече ишканалар тарабынан жаңы жылдык белектерге тендерлер жарыялана баштаган.

Алгачкылардан болуп "Эл аралык "Манас" ачык акционердик коому 2 миллион 42 миң сомго 3-ноябрда жарыялап, 24-ноябрда арыздарды кабыл алууну токтоткон.

Ал эми "Түндүк электр" ачык акционердик коому өлкө боюнча эң көп каражатка белек сатып алууну пландоодо. Алар 25-ноябрь күнү 2 миллион 502 500 сомдук тендерде жаңы жылдык белектерди сатып алышарын жарыялашкан.

Президенттин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы жаңы жылдык белектерди 1 миллион 667 миңге сатып аларын 15-ноябрда жарыялап, 22-ноябрда жыйынтыктаган.

"Альфа Телеком" жабык акционердик коому 780 миң сомго, Мамлекеттик бажы кызматы 165 130 сомго белектерди сатып алышары маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ainura220888
2016-11-28 16:58:20
Анча подарканы кимге беришет?
+2
fanatkg
2016-11-28 17:04:44
ainura220888, ошол ишканаларда иштеген кызматкерлердин 10жашка чейинки балдарына.
0
radroy
2016-11-28 18:07:11
Ушул акчаларды бей бечараларга бербейби
+1
zarlyk2211
2016-11-29 03:16:36
Жаны жылды токтотуп сырткы карызды ойлонолучу.
+1
bond0202
2016-11-29 08:07:24
сырткы карыз туруп турат,жаны жылды тосуш керек!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан