Төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэни дипломатиялык миссиясынын башталгандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. Төрага Япония элчисин Кыргызстандагы элчилик кызматынын башталышы менен куттуктап, ишинде ийгиликтерди каалоо менен, бардык биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү улантылып, өлкөлөр ортосундагы мамилелер жаңы деңгээлге көтөрүлө турганына ишеним артарын билдирди. Жолугушууда транспорттук коммуникация, тоо-кен, энергетика, туризм, маданият тармактары артыкчылыктуу багыттар катары белгиленди. Ошондой эле алар парламенттер аралык алакалардын келечеги, мамлекеттер аралык мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттердин ролу тууралуу пикир алышты.